- Негизги бет
- Жаңылыктар
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликүү Өз алдынча башкаруу иштери жана этностор...
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликүү Өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин директору Дж. Ш. Эгамбердиеванын куттуктоосу
28.10.2016
29.10.16.
Урматтуу жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери,
сиздерди кесиптик майрамыңыздар болгон жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм!
Кыргыз Республикасында расмий түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы 1991-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” тарыхий мыйзамды кабыл алуу менен башталган.
Бул майрамды биз жыл сайын мол түшүмдүү күз айларында жылуу сезим менен белгилейбиз, себеби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-январындагы №11 Жарлыгы менен ар жылдын октябрь айынын акыркы жекшенбиси Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү жааматтарынын күнү” деп белгиленген.
Ошондон бери коомчулуктун кеңири катышуусу менен жергиликтүү иштерди башкаруунун жетишээрлик эффективтүү системасы түзүлүп элибиздин чыгаан уул кыздарынын эмгегинин натыйжасында элдин ишенимин артырып келүүдө.
Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери,бүгүн Сиздерге мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өлчөөсүз салым кошуп,элибиздин татыктуу жашоосуна шарт түзүп, сапаттуу кызмат көрсөтүп,жигердүү эмгектенип жатканыңыздарга ыраазычылык айтып, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашыруу, муниципалитеттердин статусун жогорулатуу сыяктуу маселелер ар дайым Агенттиктин көңүлүнүн борборунда болоорун белгилеп,Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен кызуу куттуктап,барыңыздарга бакубат турмушту, чың ден-соолукту,үй-бүлөөлүк бакыт таалайды каалап, иштериңерде албан-албан ийгиликтерди, мындан ары жарата берүүңөргө тилектештигимди чын дилимден билдирем.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликүү Өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин директору Эгамбердиева Джумагуль Шариповна
Жарнамалар жана ваканттык кызматтар
-
Бош кызмат ордуна жарыяланган конкурстун жыйынтыгы.
вакансиянын ачык мөөнөтү: 18 Мая 2017
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги кичи гранттарга конкурс жарыялайт.
вакансиянын ачык мөөнөтү: 10 Апреля 2017
-
Лейлек районунун Кулунду айыл окмоту Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жонундогу» мыйзамына ылайык томонку административдик муниципалдык бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:
вакансиянын ачык мөөнөтү: 6 Апреля 2017
-
Специалист по фандрайзингу
вакансиянын ачык мөөнөтү: 29 Декабря 2016