- Негизги бет
- Жаңылыктар
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун жыйыны болуп өттү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун жыйыны болуп өттү
09.06.2017
2017-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун республика боюнча 40 райондон, Бишкек, Ош шаарларынан жана 12 облустук деңгээлдеги шаарлардан келген өкүлдөрдүн катышуусунда Жалпы жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А. Карашев, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жана КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У. Салиев катышышты.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү багытында иш алып барган мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү да конок катары келишти.
Жалпы жыйынды өткөрүү максаты – Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жаңы курамын шайлоо жана 2017-2020-жылдарга Союздун Программасын бекитүү.
2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында шайлоолор өтүп, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары шайланган. Шайлоолордун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 60-70 пайызы жаңыдан шайлангандыктан Союздун Башкармалыгынын жаңы мүчөлөрүн шайлоо муктаждыгы жаралган.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу 2009-жылдан бери республика боюнча баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башын бириктирип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун негизги максаттары, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү, анын кызыкчылыктарын борбордук жана жергиликтүү деңгээлде көрсөтүү жана коргоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү ченемдик-укуктук актыларын иштеп чыгуу процесстерине катышуу жана мыйзамдардын аткарылышына көмөктөшүү болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө Союздун башкармалыгынын курамы шайланып, төрагалыгына Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдраимович шайланды.
Жарнамалар жана ваканттык кызматтар
-
Бош кызмат ордуна жарыяланган конкурстун жыйынтыгы.
вакансиянын ачык мөөнөтү: 18 Мая 2017
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги кичи гранттарга конкурс жарыялайт.
вакансиянын ачык мөөнөтү: 10 Апреля 2017
-
Лейлек районунун Кулунду айыл окмоту Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жонундогу» мыйзамына ылайык томонку административдик муниципалдык бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:
вакансиянын ачык мөөнөтү: 6 Апреля 2017
-
Специалист по фандрайзингу
вакансиянын ачык мөөнөтү: 29 Декабря 2016